Таиландда бала бакчага кол салуу болуп, 36 киши каза болду

6-октябрда Таиланддын түндүк чыгышында бала бакчага куралдуу кол салуу болуп, 36 киши өлдү, арасында 22 бала бар. Бул тууралуу “Тайрат” гезити жазды.

Шектүү – жергиликтүү полициянын мурдагы кызматкери. Ал пистолет жана бычак менен куралданган. Бала бакчага ал балдар уктап жатканда кирип барган. Мындан соң аялы менен үч баласын да өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Кол салуунун себеби белгисиз.