Дастан Бекешов батирлердин ижара акысын жөнгө салууну өтүндү

Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев өлкөдө шылуундан көбөйгөнүн белгилеп, буга мисал катары “Ай Ай” курулуш компаниясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө чакырды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы турак-жайлардын ижара акысы өтө жогорулап, көпчүлүк ижарачылар чыгарылып жатканын жана бул маселеге көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Сүйүнбек Өмүрзаков көпчүлүк жарандар батирде жашарын жүйө келтирип, абалды жөнгө салуу зарылчылыгын билдирди.

Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев пахта терүү жараяны башталганына айтып: “Бирок аны сатууда дыйкандардын бир жылдык мээнети акталбай жатат. Дүйнөдө пахтанын түшүмү аз экенин эске алып, түшүмдү жакшы баада чет өлкөгө сатууга жардам беришибиз керек”, – деди.