Русланбек Жакышов Кыргызстанда оң рулдуу унааларга уруксат берүүнү сунуштады

Бүгүн, 5-октябрда парламенттин жыйынында депутат Русланбек Жакышов Кыргызстанда оң рулдуу унааларга уруксат берип, аларды сол рулга которуу боюнча кызмат көрсөткөн тейлөө борборун ачууну сунуштады.

Анын айтымында, ага оң рулдуу унаанын ээлери кайрылып, аларды тариздөө иштерине жардам берүүнү суранган. Учурда Кыргызстанда тыюу салынгандан кийин өлкөгө алынып келген оң рулдуу унаалардын саны 20 миңден 50 минге чейин жетиши мүмкүн.

«Тариздөө иштеринен мамлекетке миллиондогон пайда түшмөк. Ошондо, биринчиден автопарк жаңыланмак. Экинчиден унаалардын баасы арзандап, карапайым элге бир топ жеңилдик болмок. Мен оң рулдуу унааларга уруксат берип, аларды солго рулга которуу боюнча тейлөө борборун ачууну сунуштайм. Мындай дүйнөлүк тажрыйбада да бар. Акыркы кезде Казакстандын Алматы шаарында ошондой тейлөө борбору ачылды. Андан тышкары, Дубай, Латвия, Украина, Польша жана башка мамлекеттерде бар», — деди Жакышов.

Ошондой эле ал эскирген унаалардын айынан экологияга да зыян тийип жатканын белгиледи.