Чүйдө европа түспөлүндөгү адам мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү эркек адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Аталган факт Москва РИИБде каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жарандын өздүгү такталып,1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалган.

Ал ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.