Баткенде үйүнөн ажырагандарга убактылуу чатыр тигилди

Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу баскынчылыгынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө чейин жарандар үчүн атайын чатырлар тигилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

xwhatsapp image 2022 10 03 at 14 44 41 1.jpeg.pagespeed.ic .NMS8fzZvmX Баткенде үйүнөн ажырагандарга убактылуу чатыр тигилди

“Меши менен кийизден жасалган жылуу чатырлар ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок.

Чатырлар бүгүн Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде алгачкылардан болуп курулуп жатат”, — деп айтылат маалыматта.