
Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Аталган мекеменин директору Урмат Карыбаев даярдалдып жаткан эстеликтин үлгүсү менен таанышкан.
«Байтик баатыр – көрүнүктүү тарыхый инсан. Бишкек шаарынын тургундары анын эстелигин орнотуу тууралуу көптөн бери сунуш айтып келген. Жакында эле шаардын түштүк тарабында – Масалиев көчөсүнүн жогорку жагында – Байтик баатыр атындагы сейил бак ачылган. Эстелик сейил бактын борборунда же кире беришинде орнотулат», — деди Карыбаев.
Байтик баатырдын эстелигинин автору — белгилүү скульптор Адил Сейталиев.






