Бишкек шаарынын тургундары милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине “Россия газетасынын” аймактык өкүлчүлүгүнүн ыраазычылык каты келген.


Катта ички иштер министрине жана Бишкек шаарынын ИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Свердлов районунун ИИБнын өздүк курамына жеке ыраазычылык билдирилген. Кылмыш иликтөө кызматкерлерине өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана кылмыштын бетин ачууда ыкчамдуулук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык сөздөрү айтылган.


«Бир нече убакыт мурда жабырлануучу жакын тууганым болгондуктан мүлктү уурдоо фактысы боюнча Ички иштер министрлигинен жардам сурап кайрылгам. Кызматкерлер менин өтүнүчүмө кайдигер мамиле кылбастан, кыска убакытта кылмыштын бетин ачууга колдон келген аракетин жумшашты. Уурдалган мүлк ээсине кайтарылды.


Ушуга байланыштуу, Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү милициянын майору Урмат Ибрасуловдун, ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү милициянын ага лейтенанты Кенжалы Султанмуратовдун, Свердлов РИИБнин ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлдөрү милициянын капитаны Азамат Итигуловдун жана милициянын капитаны Азамат Алибековдун эмгектерин ыраазычылык менен белгилеп коюну суранам. Министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Сеитов Бактыбек Абдылашимовичтин кынтыксыз ишин белгилеп коюңуздарды өзүнчө суранам.


Бул кат менен мен сиздерге болгон урмат-сыйымды күбөлөндүрүп, ишиңиздерге жемиштүү ийгиликтерди каалайм. Урматтоо менен,
«Россия газетасынын» Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Д.В. Евлашков» — деп белгилеген алкыш катында.

ИИМдин Басма сөз кызматы