Жогорку Кеңеш БУУнун Коопсуздук кеңешине жана башка уюмдарга кайрылуу жолдойт

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясына байланыштуу Жогорку Кеңеш Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине жана башка уюмдарга кайрылуу жолдойт.

Тиешелүү кайрылууну жолдоо тууралуу чечим парламенттин бүгүн, 29-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши курман болуп, 200гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алган.