Бейшеналиев Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди

ИИМ: Пара алуу фактысы боюнча кармалган билим берүү жана илим министри Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары пара алуу учурунда билим берүү жана илим министри Б.А. кармашкан.

Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110.000 АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкаат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, баардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат.

ИИМдин Басма сөз кызматы