Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кетти

Бишкек шаарында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кетти.

Патрулдук полициянын маалыматы боюнча, 26-сентябрда саат 16:20да Ибраимов көчөсү менен Чуй проспектинин кесилишинде кичинекей кызды унаа сүзгөн.

Жабыркаган Т.Н. жаракат алуу менен ооруканага жеткирилди. Ал эми күнөөкөр өзү окуя болгон жерденкачып кеткен.