Бишкекте унаасы кир айдоочуларга айып пул салуу сунушталды

Бишкекте кир унаасы менен шаарды булгаган унаа ээлерине айып пул салуу сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн. Ага байланыштуу депутат жыйынга катышып жаткан Бишкектин Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиевге кайрылып, аталган маселени чечүүнүн жолдорун караштырууну, мыйзам долбоор боюнча өз алымча-кошумчасын айтууну сунуштады.

Чойбеков Бишкектин тегегрек четинде 47 жаңы конуш бар экенин айтып, алардын айрымдарында кум-шагыл төгүлгөн жол жок экенин белгиледи.

«Менин билишимче кээ бир жаңы конуштарда асфальт эмес, таштак жол жок. Муну айтып жатканымдын себеби Министрлер кабинетинин шаарды булгоо боюнча жоопкерчиликти киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Биз жол салбасак, биздин жарандар жол булгаса, мыйзам чегинде жоопко тартылып, айып пул салынса, бул кандай болуп калат?», — деп суроо салды ал.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан да өтөт.

«Ошон үчүн сиздерге сунуш катары айтып жатам. Ушул маселени карап, чечип алыңыздар. Себеби элди кыйнабайлы. Жаңы конуштардын бардыгында жазгы маал ылай-баткак болот. Алардын баарын (унаа ылайды алып келип, шаарды булгаса – ред.) киргизип, биздин жол кыйлмынын коопсуздугун караган кызматкерлерге кошумча коррупциялык иш болот», — деди ал.

Аталган мыйзам долбоору кайсы мекеме-министрлик тарабынан сунушталганын жана мыйзам долбоору боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн мэрия, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына, Транспорт министрликтерине жана ага караган мекемелерге кайрылганыбызда, ал боюнча маалыматтары жок экенин билдиришти.