ФАКТЧЕК: Дүйшөмбүдө «Рахмонов диктатор» деген лозунгдар менен протесстер өткөнү чынбы?

Bulak.kg редакциясына окурмандардын бири кайрылып TikTok соцтармагында тарап жаткан видеонун чын-төгүнүн текшерип берүүнү суранды. Ал тасманын кадрларында жаш жигиттердин тобу автоунааларды ордунан козгоп, “Рахмонов диктатор” деп кыйкырып жатканын угууга болот.

Brat_898 аттуу колдонуучу жүктөгөн видео жарым миллиондон ашык көрүү чогулткан:

Аны көргөн адамдар оң пикирлерин калтырышып, тажик элинин тайманбастыгына баа беришүүдө.

Bulak.kg редакциясы бул видеотасма каякта жана кандай кырдаалда тартылганын текшерип чыкты.

rudaki 1 ФАКТЧЕК: Дүйшөмбүдө «Рахмонов диктатор» деген лозунгдар менен протесстер өткөнү чынбы?

Кадрда Дүйшөмбү шаарына мүнөздүү болгон атайын тургузулган “арканы” көрүүгө болот. Ал Рудаки проспектисинин жогорку жана төмөнкү көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан.

pasted image 0 18 ФАКТЧЕК: Дүйшөмбүдө «Рахмонов диктатор» деген лозунгдар менен протесстер өткөнү чынбы?

Издөө куралдарынын жардамы менен видеонун биринчи булагын таптык.

Анда көрүнгөндөй бул тасма 2019-жылдын августунда тартылган. Ал учурда UFC уюмунун мушкери Хабиб Нурмагомедовдун америкалык Дастин Порье менен беттеши болуп жаткан. Дүйшөмбүдөгү күйөрман жигиттер Нурмагомедовго активдүү жан тартып жатышкан.

pasted image 0 19 ФАКТЧЕК: Дүйшөмбүдө «Рахмонов диктатор» деген лозунгдар менен протесстер өткөнү чынбы?

“Спутник Тажикстан” сайтынын маалыматында мындай деп жазылган:

“Хабиб Нурмагомедов тажик эли жөнүндө көп жакшы сөздөрдү айтып келгени үчүн бул беттеште Тажикстан Хабибге жан тарткан. Мелдеш түн жарымда аягына чыккан. Ошол маалда Дүйшөмбүдө саат 02:00ден өтүп калганына карабай, тургундар уктаган эмес. Жүздөгөн тажик жаштары сыртка чыгып, Нурмагомедовдун жеңишин бирге майрамдашкан. Дүйшөмбүдөгү адамдар бири-бирин кучагына кысып, абдан кубанышкан”.

YouTube video

Кадрларды салыштырабыз:

tik tok 1 ФАКТЧЕК: Дүйшөмбүдө «Рахмонов диктатор» деген лозунгдар менен протесстер өткөнү чынбы?
yutub ФАКТЧЕК: Дүйшөмбүдө «Рахмонов диктатор» деген лозунгдар менен протесстер өткөнү чынбы?

Видеодо жаш жигиттер “Хабиб, Хабиб!” деп кыйкырып жатканын угууга болот.

Аудио кайдан алынган?

Издөө кызматтары аркылуу аудионун да алгачкы булагын табууга мүмкүн болду.

2016-жылдын 1-декабрында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Чехия президенти Милош Земандын жолугушуусу өтүп жаткан маалда Прагадагы тажик активисттеринин Рахмонго карата каршылык акциясы болгон.

Адамдардын тобу көчөгө түрдүү плакаттар менен чыгып, “Рахмонов диктатор!” деген ачуу сөздөрүн кыйкырышкан.

YouTube video

Жыйынтык: фейк. “Рахмонов диктатор” деген лозунгдарды көтөрүп алып, Рахмонго карата каршылык акциясын өткөрүп жаткандагы видео 2019-жылы Хабиб Нурмагомедовдун Дастин Порье менен беттешинен кийин тартылган. Ал эми анын үн коштоосу 2016-жылдагы тажик активисттеринин акциясында жаңырган.