“Кустуризация” бул кадимкидей эле келишим: Депутат менен министр кайым айтышты

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мүлктү легалдаштыруу жана мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Султанбай Айжигитов менен экономика министри Данияр Амангелдиев кайым айтыша кетти.

Депутаттын пикиринде, “кустуризация” бул кадимкидей эле келишим.

“Тергөө учурунда чиновниктин миллиарддаган сомдук мүлкү ачыкка чыгып, алар 100 миллион сом төлөп берүүгө макул болушат. Ал эми калган 900 миллион сом боюнча “илинчекте” турушат. Калган 900 миллион сомду кантип мыйзамдаштырууну ойлонушат. Алар мүлкүн мыйзамдаштырууга даяр, калгандары кызыкдар эмес”, — деди депутат.

Депутаттын айтымында, мүлктөрдү легалдаштыруу жана мунапыс берүү мыйзамы «кылмышкерлер» менен түзүлгөн келишимдин натыйжасы.

“Азыр эч кимге жашыруун эмес, чиновниктер мүлкүн чет элдик офшораларда кармашат. Эгерде силерде көмүскө экономикадан активдерди чыгаруу максатыңар болсо, анда “алардын көмүскөдө турганына эмне себеп болуп жатат?” деген суроого жооп беришиңер керек. Расмий түрдө 30 пайызы гана көмүскөдө. Чиновниктер уурдабашы үчүн алардын маянасын көтөрүү керек. Ал үчүн экономиканы көтөрүү зарыл. Силер туура эмес жолду тандап жатасыңар. Качан экономиканы көтөрүү менен алектенесиңер?”, — деди депутат.