Кубанычбек Осмонбеков: “Валентина Чупик тараткан маалымат жалган”

Мигранттарды Россияда мобилизацияга милдеттүү түрдө чакырып жатат деп жалган маалымат тараткан Валентина Чупик өмүр бою Россиядан депортацияланган, – деп билдирди Россия Федерациясынын кыргыздардын диаспора кеңешинин өкүлү Кубанычбек Осмонбеков.

Айтымында, “Валентина Чупик тиш кайрап калганбы же дагы башка максат менен ушундай фейк маалымат таратууда”.

-Ал эми мигранттарды аскерге мобилизацияга эч ким мажбурлаган жок. Бул Россиянын жарандарына гана тиешелүү жана контракттык негизде гана ишке ашат, – дейт Осмонбеков