Тажикстан тарабынан 14-17-сентябрь күндөрү орун алган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Кыргызстандын Баткен облусунун аймагындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер боюнча дипломаттар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган
Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.
Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди көрсөтүштү.