Баткенге гумжардам чогултуу уланууда

Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундары үчүн гуманитардык жардамдарды чогултуу уланууда.

Ыктыярчылар келген буюмдарды, кийимдерди ирээттеп, «мырзалар», «айымдар», «балдар» деген жазуусу бар баштыктарга салышууда. Бул баткендиктерге дароо эле айрым категориядагы жарандар үчүн баштыктарды ачууга жардам берет.