Адыл Акылбеков өз үйүнө 145 баткендикти киргизип, аларды үч ай бою камсыздайт

Бишкек шаарынын тургуну Адыл Акылбеков үйүнө 145 баткендикти жайгаштырып, дээрлик үч ай бою бакмай болду.

«Мен өз каалоом менен аларга башпаанек кылып турак жайымды бердим, ага 145 адам батты. Мен аларды үч ай бою багам деп өзүмө сөз бердим», — дейт ал.

“Кыргызстандын калкы абдан бирдиктүү жана ынтымактуу. Учурда кичине булуттар Кыргызстанды бүркөп турат, бирок ага карабастан ар бир жаран колунан келген жардамын берип жатат. Психологдор, медиктер менен да иштеп, аларга кайрылып жатабыз. Биз жаш балдарды ойнотуп, ар кандай кызыктуу жайларга алып барып, сейилдетип жатабыз. Бизде баары бар, Кудайга шүгүр. Биздин дарегибиз Жибек Жолу 335” – деди жардамын аябаган Адыл.