Бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө, – ИИМ

Турак жай кооперативине акча каражатын салууда тобокелчиликтер жогору. Учурда бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү алдамчылыктар жөнүндө жарандарга эскертет. Андан сырткары кылмышкерлер жарандардын мүлкүн ээлеп алуу үчүн ар кандай ыкмаларды ойлоп табышууда. Кыймылсыз мүлк кылмышкерлердин өзгөчө кызыкчылыгына ээ.
Турак-жай көйгөйүн чечүү-көпчүлүктүн маселеси. Бир нече жыл мурда турак жай кооперативдери түзүлө баштаган, бирок бул жерде да үй сатып алуучулар мыйзамсыз схемаларга туш болуу коркунучуна дуушар болушат – алардын ишинде айкындык жана тактык жок, аманатчылардан чогултулган каражаттар кепилдиктер менен колдоого алынбайт.
Акыркы жылдары турак жай кооперативдери аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылууда, бирок ошол эле учурда алданган жарандардын саны да өсүүдө.
Каржы пирамидасынын негизги белгилери – кыска мөөнөттө турак жай алуу убадасы, ачык-айкындуулуктун жоктугу.


Эгерде сизге баштапкы сумманы саласыз жана 4-6 айдын ичинде турак жай ала аласыз деп айтышса, анда бул жерде этият болууга негиз болуп саналат жана каржы пирамидасынын схемасы менен мындай уюмду айланып өтүү жакшы. Абийирдүү турак жай кооперативи турак жайды алуу убактысына эч качан кепилдик бербейт жана кезектин жүрүшү жөнүндө маалымат аларда ачык.


Ички иштер органдары бир нече коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердигине байланыштуу кылмыш иштерин иликтөөдө.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, «S-Line» турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80 ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 990 000 сомдон ашык. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.


«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Бул коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.


Андан сырткары, башка турак жай кооперативдеринин иштердүүлүгү, анын ичинде «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө.
Азыркы учурда «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жарандардан 300 арыз түшкөн.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жайларга жогорку талап болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө алуунун ар кандай түрлөрү бар экендигин белгилейт. Бирок сатып алуучулардын кызыкчылыгын коргоодо алардын ичинен дагы туура келбегени бар. Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат.
Ушуга байланыштуу, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет.

ИИМдин Басма сөз кызматы