Бишкекте жол тосмонун жаңы түрү пайда болду

Борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде жол тосмонун жаңы түрү пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, пилоттук долбоордун алкагында Чүй проспектисинде “Россия” кинотеатрынын маңдайында шлагбаум тибиндеги жол тосмосу орнотулду. Бул тосмо Түштүк Кореядан келген “New Pioneer Co., LTD” компаниясы тарабынан “Бишкекасфальтсервис” МИнин жардамы менен тургузулган. Узундугу 100 метр.  Тосмо бышык материал поливинилхлоридден жасалган.

Бул пилоттук аймак жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу шаар жолдорунун ичинен тандалып алынган.