Батыш Орусияга каршы агрессивдүү саясатында бардык сызыктарды басып өттү, – Путин

Россиянын президенти Владимир Путин Россия Федерациясына жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.

Мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат. Жарлыкта мамлекеттик коргонуу заказын аткаруу боюнча кошумча чаралар каралган.

Президенттин жарлыгына ылайык, аскердик кызматка запастагы, биринчи кезекте куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар гана өтүшөт.

Мындан тышкары, Владимир Путин өз кайрылуусунда, Батыш Орусияга каршы агрессивдүү саясатында бардык сызыктарды басып өттү деп билдирди.

«Өлкөбүзгө, элибизге карата коркутууларды тынбай угабыз. Батыштын кээ бир жоопкерчиликсиз саясатчылары Украинага алыскы аралыкка атуучу чабуулчу курал-жарактарды жеткирүүнү уюштуруу пландары, Крымга жана Орусиянын башка аймактарына сокку урууга мүмкүндүк берүүчү системалар жөнүндө айтып жатышат», — деди ал.