Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов кыргыз элине көңүл айтты.
“Жалпы кыргыз элине көңүл айтам. Тарыхы терең улуу эл экенсиз, бул сыноодон кудайым өзү сактасын” деген билдирүү жазды.
Эске салсак, Тажикстандын кол салуусунда 59 адам мерт болуп, дагы 185 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 300 объект талкаланды. Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.