Бишкектин көчөсүнө Эламан Ураимовдун ысымын берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун атын Бишкектеги көчөлөрдүн бирине ыйгарууну сунуштады.

Ал тиешелүү катты Бишкек мэриясы менен шаардык кеңештин депутаттарына жолдогон. Бекешев Ураимовдун ысымын Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнө ыйгарууну сунуштоодо.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш учурунда Эламан Ураимов душмандын курчоосунда калганда, гранатаны жардырып өзү менен бирге жоонун 5-6 аскерин ала кеткен.

xscreenshot 7.png.pagespeed.ic.R pALY63jw Бишкектин көчөсүнө Эламан Ураимовдун ысымын берүү сунушталды