Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Эртең, 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу саат 18.00дөн 00.00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Шаардык мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.