Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келишти

ИИМдин Республикалык окуу борборуна Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келишти

ИИМдин Республикалык окуу борборунда 2022-жылдын 20-сентябрында эки тараптуу кызматташтыкты түзүү максатында Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келишти.

Иш сапардын алкагында аталган делегациянын курамы – Түркия Республикасынын Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын командири генерал-лейтенант Нух Көроолу, академиянын студенттер иштери боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Өзжан Мете Өзжан, академиянын стретегиясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы полковник Хайреттин Күпели, чет тилдерди окутуу бөлүмүнүн башчысы майор Харсан Мерт Йолжу, Академиянын окутуучусу, доктор Күршад Гүч жана Али Йылдырым, Түркия мамлекетинин ИИМдин Кыргызстандагы өкүлү Мустафа Ырмак, ИИМдин РОБдун начальниги милициянын полковниги К.Кадыркулов жана ИИМдин РОБдун кызматкерлери менен жолугушту.

Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын өкүлдөрү алгачында милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы музейи, андан тышкары, окуу борбордогу тажрыйбалык сабактарды өткөрүү үчүн жабдылган атайын окуу класстары менен таанышып чыгышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки окуу жайдын адистерди даярдоо жана окуу процесин уюштуруу боюнча бири-бирине маалымат беришип, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИОнын кызматкерлерин окутуу жаатында тажырыйба алмашуу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

WhatsApp Image 2022 09 20 at 14.55.27 Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келишти


Иш-чаранын соңунда тараптар биргелешкен долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

WhatsApp Image 2022 09 20 at 14.55.25 Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келишти

ИИМдин Басма сөз кызматы