Фактчек: Чек ара кагылышы тууралуу Тажикстандын ТИМнин орун басарынын айткандарын текшеребиз

2022-жылдын 19-сентябрында Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифинг болуп өттү.

Брифингдин жүрүшүндө Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми бир нече “катуу” сөздөрүн жаңыртты.

Bulak.kg сайты анын айткандарын анализдеп чыкты.

“14-сентябрда кыргыз тарап эч кандай себеби жана шылтоосу жок эле, куралдуу күчтөрдүн жана аскердик техниканын бардык түрлөрүн колдонуу менен Тажикстанга карата агрессиясын көрсөттү.

Кыргызстандын Тажикстанга карата агрессиялуу кыймыл-аракети алдын ала пландалган акция”.

ТР ТИМнин орун басары Содик Имоми

Кыргызстандын иликтөөчү журналисттери Тажикстан Кыргызстанга биринчи болуп чабуул койгонуна бир катар далилдерди табышты.

  • Чек арадагы кагылыш маалында тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына кирип келишип, чабуул коюшту: мародерлук кылып, үйлөрдү өрттөө менен жарандык объектилерди басып алып жатты. Азыр чек арага жакын жайгашкан көпчүлүк айылдар талкаланган абалда.
  • АКШнын космос мейкиндигин изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук башкармалыгынын (NASA) материалдарында снаряддардын жарылышынан улам чыккан өрттөрдүн басымдуу бөлүгү Кыргызстандын аймагында болгону көрүнүп турат. Бул далилдер да Кыргызстанга биринчи болуп Тажикстан кол салганын билдирип жатат.
  • Андан сырткары Кыргызстанга Шох Искандаров аттуу генералдын кол алдындагы атайын даярдыктардан өткөн, куралдуу баш кесерлер киргени да далилденди. Демек, алар жай тургундарды аткылап, жарандык объектилерди кыйратуу менен БУУнун Уставынын негизги принциптерин одоно бузушту.
  • Тажик тарап кыргыз аймактарын реактивдүү ок жаадыруучу системаны (РСЗО) колдонуу менен аткылоого алышты. Тажиктердин бул куралдарынын чабуулдарына Баткен аэропортунун айланасы жана шаар четиндеги объектилер кабылды.

Ошол эле учурда ачык булактардан Кыргызстан биринчи болуп чабуул койгону тууралуу маалыматтарды табуу мүмкүн эмес.

Жыйынтык: калп.

“ММКларда биздин реакциябыз жайыраак болуп, окуялардын артынан жетишпей жатканыбыз үчүн бизди туура эле жемелеп жатышат. Мындан улам айтар элем, эгер сиз жабыр тарткан тарап болсоңуз бул объективдүү эле процесс. Ал эми агрессор мамлекет алдын ала бир гана куралдуу күчүн камдабастан, өз аракеттерин ММК аркылуу бекемдеп турууга да план коет”.

ТР ТИМнин орун басары Содик Имоми

Тажикстандын басып киргени жана ага байланыштуу окуялар бир нече күн бою социалдык тармактарда, мамлекеттик жана жеке ММКларда эң көп окулган жана көрүлгөн кабарлардан болду. Журналисттер, блогерлер күн сайын чек ара кагылышынын алкагында гуманитардык жардамдан баштап аскердик иштерге чейин чагылдырып турушту. Кыргыз чиновниктери пресс-конференция жана брифингдерди уюштурса, президент Садыр Жапаров өз баракчасына элге болгон кайрылуусун жүктөдү.

Ал эми Тажикстанда бул окуялар таптакыр башка нукта чагылдырылып жатты. Тажикстан президентинин расмий сайты, мамлекеттик ММКлар чек арада болуп жаткан кырдаал тууралуу маалымат беришкен жок. Жеке маалымат каражаттарында публикациялар чыгып жатканы менен анчалык көңүл чордонунда болгон эмес. Ошол эле мезгилде социалдык тармактарда жана мессенжерлерде окуя болуп жаткан жерден көптөгөн фото, видеолор тараган. Ал публикацияларда акылга сыйгыс контент камтылган: аргессивдүү пропаганда, кастык тили жана фейк маалымат.

YouTube video

Төмөндө Тажикстандын расмий бийлиги, маалымат каражаттары жана соцтармак колдонуучулары тараткан фейк маалыматтар:

  • Соцтармакта кыргыз солдаттары Тажикстандын аймагындагы жай тургундардын үйлөрүн кыйратты деген маалымат тарады. Бирок, аларды текшерүү маалында белгилүү болгондой, постко тиркелген фотолор, ММК тарабынан түрдүү убактарда, түрдүү темаларда жайгаштырылган.
  • Sputnik Тажикстан ИИМге таянып, Бобожан Гафуров районундагы Овчикалача айылы учкучсуз учуучу аппраттын чабуулуна кабылды деп жазды. Бирок бул маалыматтын далилдүү базасы жок.
  • Журналисттер аныктап чыккандай, тажик ММКлары дезинформация кылуу үчүн псевдоэкспертти колдонгон.
  • «Фейсбуктагы» Tajikistan News баракчасында кыргыз аскерлери жай тургундарды согушканга мажбур кылып жатат деп жазылган. Бирок, текшерүү учурунда бул дагы фейк экени аныкталды.
  • Тажикстандын Чек ара кызматы тараткан “кыргызстандыктар өз үйлөрүн өздөрү өрттөп баштады” – деген расмий маалыматты да фактчекерлер жокко чыгарышты.
  • Ошондой эле, тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды колдонуп жатканы далилденген.
  • “Дар Сархад” деген телеграм-каналда тажиктер гуманитардык жардам таратып жатат деген маалымат тараган. Бирок, текшерүүдө көрүнгөндөй ал кадрлар Кыргызстандын мамлекеттик каналынан алынган.
  • Кыргыз аскерлери тарабынан учкучсуз учуучу аппраттардын колдонулганын далилдөө үчүн унаалардын катуу жарылган видеолорун көрсөтүшкөн. Бирок, текшерүүдө белгилүү болгондой, ал видео да чек арадагы окуяга чейин бир жума мурун тартылган.
  • Sputnik Тажикстан буга чейин аалымдар кеңешинин башчысына таянып, кыргыздардын учуучу аппараттары мечитти талкалап кетенин жазган. Дал ушул эле айыпты брифинг маалында ТИМнин орун басары Содик Имоми да кайталап жатты. Бирок, фактчекерлер ММКда колдонулган сүрөттүн алгачкы, биринчи булагын таап, ал сүрөт 2013-жылы Сирияда тартылганын аныкташты.

Жыйынтык: калп.

“Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында жарандыгы байланбаган тажик улутундагы адамдарды кармап алып, мыйзамсыз зомбулук көрсөтүлүүдө: аларды ур-токмокко алып, белгисиз тарапка алып кетишүүдө”.  

ТР ТИМнин орун басары Содик Имоми

Мындай көрүнүштөр орун алса бул сыяктуу маалыматтар жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын жана ММКлардын көз жаздымы алдында калбайт эле. Өлкөдө болуп жаткан кылмыштар, өзгөчө кырдаалдар жана каргашалуу окуялар эртели кеч ММК, соцтармак жана мессенжерлер аркылуу тарап турат.

Белгилей кетсек, министрдин орун басары конкреттүү фактыларды келтире алган жок. Жабыр тартты делгендердин санын, аты-жөнүн жана зомбулук көрсөтүлүп жаткан башка шаарларды да атай алган жок. Ошол эле учурда мындай маалыматты кайдан алганын да айткан эмес.

Былтыр май айында чек арада болгон конфликт маалында, тажик баракчалары Бишкекте жоон топ адамдар тарабынан сабалган жалгыз тажиктин видеосун таратышкан. Бирок, фактчекерлер фейк видео экенин аныктап, андай жалган маалыматты четке кагышкан.

Жыйынтык: калп.

“Чек арадагы агрессия – азыркы бийлик коомдо өзүнүн легитимдүүлүгүн далилдеп, агрессивдүү “патриоттук” риториканы колдонуу менен кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп жаткандай көрсөткүсү келгени.

Өз коңшуңдан душманды түзүп алып, агрессивдүү кампания жүргүзүү мына эмнеге алып келет”

ТР ТИМнин орун басары Содик Имоми

Тажикстандын соцтармактарында кыргыз бийлигинин легитимсиздиги жана кылмыштуулугу тууралуу пропаганда жүрүүдө. Бул тууралуу бардык посттордо жана маалыматтарда каралоонун түрдүү жолдору пайдаланылууда. Визуализациялаштырыш үчүн Photoshop сымал графикалык редакторлор колдонулуп жатат. Тажикстандын ТИМнин орун басары өз сөзүндө бул методдорду манипуляция менен бекемдеп, Кыргызстан бийлигин каралоодо.

Белиглей кетсек, Кыргызстандын азыркы бийлиги легитимизация процессинен президенттик шайлоо аркылуу 2021-жылдын 10-январында жана парламенттик шайлоо аркылуу 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн.

Жыйынтык: манипуляция – душманды каралоо жана кайталоо.

Душманды каралоо (демонизация) – жалган жана текшерилбеген айыптоону колдонуу менен оппонентти адам кейипинен чыгарып, аеосуз көрсөтүү аркылуу кара пропаганда жүргүзүү.  

Кайталоо – кайсы бир символду, ураанды же текстти кайталап айтуу менен аудиториянын акылына сиңирүү.

“2015-жылы алар (Кыргызстан) жаш курагы жеткендердин бардыгына курал алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берген  “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзам кабыл алышкан.  

ТР ТИМнин орун басары Содик Имоми

Биринчиден, бул токтомдун 1-беренесинде, чек ара ыйгарым укуктууларына каалаган жаш курагы жеткен адам эмес, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек араны коргоо тармагынын кызматкери кирет. Ошол эле учурда аскердик даярдык, квалификация, чек аранын аймагында жашоо, соттолбогон адам деген бир катар өз талаптары бар.

Экинчиден, 43-беренеге ылайык, куралды Кыргыз Республикасынын аймагына басып кирүү болгондо жана мамлекеттик чек араны бузуп киргендерди көзөмөлгө алууда гана колдонууга уруксат берилет. Чек арадан билбестиктен улам өтүп кеткендер болсо, курал колдонууга тыюу салынат.

Жыйынтык: калп.

“Акыркы жылдары Кыргызстан Тажикстанга карата сегрегациялык саясат жүргүзүп, коңшу өлкөнүн башчысынын былтыр БУУнун Генералдык Ассамблеясындагы трибунада жасаган кайрылуусуна карабай, Тажикстан республикасынын Кыргызстандын аймагындагы жарандары жана жүктөрүнө кирүүгө, транзиттик изилдөөгө тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган”.

ТР ТИМнин орун басары Содик Имоми

Белгилей кетсек, сегрегация – бул адамдарды мажбурлоо жолу менен расалык, этникалык жана башка топторго бөлүү.

Юрист Семетей Аманбековдун айтымында, Кыргыстандын бир дагы мыйзамында сегрегациянын элементтери жок. Расалык, этникалык жана башка белгилер боюнча дискриминациялоого КР Конституциясы тарабынан жол берилбейт. Мыйзам чыгаруучу актылар өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоого жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракеттери менен аткезчиликке каршы күрөшүүгө жана башка мыйзам бузууларга багытталган.

Жыйынтык. калп.

Корутунду: Тажикстан Республикасынын ТИМнин орун басары Содик Имоми брифинг учурунда кеминде 5 жолу калп айтуу менен маалымат аркылуу манипуляцияга барды. Чиновник “каралоо”, “кайталоо”, “кара пропаганда” ыкмаларын колдонду.

Көрүүгө чектөө коюшту

Белгилей кетсек, 19-сентябрда брифингдин түз эфири Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин “Фейсбуктагы” расмий баракчасынан жүргүзүлгөн. Андан соң маалымат кызматы брифинг тууралуу пост чыгарып сүрөттөрдү жүктөө менен расмий сайтка шилтеме берген: mfa.tj.

Бирок, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты Кыргызстандын аймагынан ачылбайт. Ал эми ведомствонун верификацияланган баракчасында комментарийлерди жазууга чектөө коюлган.