Баткенден келген 430 жаран мейманканаларга жайгаштырылды

 Бишкек шаарында Баткен облусунан келген 430 жаран мейманканаларга жайгаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

«Жарандарды White hotel, Shirin Botanik, «Тумар» жана «Достук», «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары, медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары кабыл алышты. Келген баткендиктерге камкор атуулдар борбордун акимиаттары менен биргеликте тамак уюштуруп жатышат. Алардын бардыгына биринчи кезекте эң керектүү жардам көрсөтүлдү», — деди ал.