“Тоолордун арасында жашынып калышкан”. Жоголуп жаткан ӨКМ кызматкерлери табылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда, чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда тоо тарапты көздөй качып, тоолордун арасында бекинип жатышкан.

Табылган ак-сайлыктарды эвакуация жумуштарынын алкагында абалына карап, тик учак жөнөтүп Баткенге алып келишти.