Чек арада чептей туруп курман болгон жоокердин сөөгү Жети-Өгүз районунда жерге берилди

Мекенин коргоо үчүн жан үрөп, Баткен облусунда курман болгон Агадил Канатбековдун сөөгү туулуп өскөн айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти.


Баткен облусунда болуп жаткан согушта прапорщик Канатбеков Агадил Канатбекович Кыргыз Республикасынын чек арасын басып кирген душмандан коргоп жатып баатырларча курман болгон.


Канатбеков Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Тосор айлындагы Тосор орто мектебинде 9-классты ийгиликтүү аяктап, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин алдындагы колледжде “Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча билим алган.

WhatsApp Image 2022 09 19 at 08.47.33 1 Чек арада чептей туруп курман болгон жоокердин сөөгү Жети-Өгүз районунда жерге берилди


2018-жылдын 30-октябырында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу Департаментине чакырылган. 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген.
2022-жылдын март айында Баткен облусунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2053 аскер бөлүгүнө контракттык негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.
Үй бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.
Агадил Канатбековдун ата-энесине жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

WhatsApp Image 2022 09 19 at 08.47.33 Чек арада чептей туруп курман болгон жоокердин сөөгү Жети-Өгүз районунда жерге берилди
WhatsApp Image 2022 09 19 at 08.47.32 Чек арада чептей туруп курман болгон жоокердин сөөгү Жети-Өгүз районунда жерге берилди