Баткен облусунда келтирилген зыянды эсептөө боюнча комиссия ишин баштады

Тажикстандын агрессиясынын айынан Баткен облусунда келтирилген зыянды эсептөө боюнча комиссия ишин баштады. Бул тууралуу облус башчынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

“Жабыркаган объекттерди, жарандардын тонолуп-уурдалган мал-мүлкү боюнча атайын комиссия түзүлүп, ишин баштады. Бир жуманын ичинде эсептеп бүткөнгө аракет кылабыз”, — деди ал.