ИИМ: Милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз

2022-жылдын 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын улук сержанты Мурзажанов Мыктыбек Ниматович кызмат ѳтѳѳ учурунда баатырларча курман болгон.


Мурзажанов Мыктыбек Ниматович 2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан ѳзүнчѳ ротасында кызмат ѳтѳп, аз убакыттын ичинде катардагы милицинер болсо да, өз милдетин мыкты аткарган, эл-жери үчүн күйгөн кичи пейил кызматкер катары кесиптештеринин элесинде калды.

Мыктыбек Ниматовичтин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең болүшөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы