Алла Пугачёва: “Мени чет элдик тыңчылардын” тизмесине кошкула

18-сентябрда Алла Пугачёва социалдык тармактардагы баракчасында өзүн “чет элдик тыңчылардын” тизмесине кошууга чакырган пост жарыялады. Муну менен ал Орусиянын Украинага каршы агрессиясына пикирин билдирип, согушка каршы чыгып жаткан күйөөсү Максим Галкиндин позициясын колдоду.

“Мен чынчыл, абийирдүү жана ак-ниетүү адам, Орусиянын чыныгы патриоту, Орусияга өнүгүү, тынч жашоо жана сөз эркиндигин гана каалаган күйөөм менен тилектешмин”, – деп жазды ырчы Орусиянын Юстиция министрлигине кайрылуусунда.

Орусиянын Юстиция министрлиги 16-сентябрда Алла Пугачёванын күйөөсү, куудул, актёр жана шоумен Максим Галкинди чет элдик тыңчылардын милдетин аткарып жаткан адамдардын тизмесине киргизген. Сайттагы маалыматта Галкин Украинадан акча алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы белгиленген.

Орусия Украинага басып кирген биринчи күндөн тартып Максим Галкин согушту кескин айыптап келет.

Галкин Одесса аткылангандан кийин орус аткаминерлерине кайрылуу жасап: “Силер Пасхада тынчтык жөнүндө бата тилеп, ошол эле маалда канаттуу ракеталарыңарды турак-жайларга атып жатасыңар”, – деп билдирген.