Тажик тарап Чек ара кызматынын төрт аскерин Кыргызстанга өткөрүп берди

Тажикстан чек арадагы жаңжалда кармалган Чек ара кызматынын төрт аскерин Кыргызстанга өткөрүп берди.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул тажик тарап менен Камчыбек Ташиевдин укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду.

Ок атышууну токтотуу, күчтөрдү чыгарып кетүү жана кырдаалды турукташтыруу боюнча кыргыз-тажик эки тараптуу макулдашууларды камсыздоо боюнча иштер уланып жатканын УКМК билдирди.

Аскер кызматкерлерин өткөрүү 19-сентябрдын кечинде болгон. Саат 21:00 чамасында К.Ташиев бошотулган чек арачылар менен биргеликте Баткен районундагы Кызыл-Бел посту аркылуу Кыргызстандын аймагына келишкен.