Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Социалдык тармактарда жаңы маалыматтык күрөш түрү кулачын жайып баратат. Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда кыргыз тарапты айыптаган, кыргызстандыктардын аттары менен катталган бир нече фейк-аккаунтту көрүүгө болот. Алардын айрымдары белгилүү саясатчылардын да ысымдарын коюп алышкан.

Bulak.kg редакциясы бул аккаунттарды текшерип чыгып, аларды тажикстандыктар жүргүзүп жатканын аныктады.

  1. Фейк экенин билдирген ката    

Тынчтыкбек Намазбаев аттуу колдонуучу, куралдуу кагылыштар Кыргызстандын айынан келип чыкты деген пост жайгаштырган.

kirgiz Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Бирок бир аз убакыттан кийин соцтармакка кыргыз жараны Тынчтыкбек Намазбаев өзү чыгып, анын атынан баракча ачылып, фейк маалыматтар таратылып жатканын айтты.

Белгилей кетсек, фейк-аккаунтта “Киргизстан” деп жазылганын байкоого болот. Мындай жазуу ыкмасы кыргыз жарандарына мүнөздүү эмес экени айкын. Тажкиктердин соцтармак жана телеграм-каналдарында өлкөнүн аталышы дал ушундай жазылганын көрүүгө мүмкүн.

kirgizstan Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт
pasted image 0 3 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Андай фейк-колдонуучулар бөлүшкөн маалыматтарды тажикстандык колдонуучулар көчүрүп алып бөлүшүп жатканын байкай алдык.

Untitled Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт
Untitled 1 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

2. Саатбек Эгембердиевдин клону

Ошондой эле, Facebook колдонуучулар кыргыз экс-чиновниги Саатбек Эгембердиевдин клонун байкашты. Фейк баракчаны түзүүчү анын фамилиясын жазууда ката кетирип, “Эгембердиевдин” ордуна “Эгамбердиев” деп жазып алган. Ал баракча да эки тараптын кагылышында Кыргызстанды айыптоодо.

pasted image 0 1 1 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Саатбек Эгембердиев деген ысымы бар дагы бир жаран анын атынан фейк-маалыматтар тарап жатканын айтты.

Дал ушундай постту  өз атынан жогоруда айтылган фейк-колдонуучу Тынчтыкбек Намазбаев менен Кылычбек Назарбаев жазган. Назарбаев тууралуу алдыда айтып беребиз.

pasted image 0 4 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт
pasted image 0 3 1 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Бул текст Facebook жана такжик телеграм-каналдарына тарап кетти.

pasted image 0 1 2 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

3. Профилдеги сүрөттү алмаштыруу

Кылычбек Назарбаев деген колдонуучу профилдеги негизги аватарына 14-сентябрь атышуу башталган күнү президент Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырган. Бирок анын ага чейинки сүрөттөрүнүн бардыгы Тажикстанга байланыштуу болгон.

pasted image 0 2 1 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт
pasted image 0 4 1 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Акыркы анын киргизген посту ЖК депутаты Адахан Мадумаров айтты делген жалган кайрылуу (бул тууралуу алдыда)  жөнүндө болгон. Аталган пост алты тилде жайгаштырылып, тажикчеси биринчи болуп жазылган.

pasted image 0 5 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

4. Адахан Мадумаровдун атынан жазган фейк

Оппозициядагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун дагы бир клону Facebook та мындан 3 ай мурун эле 13-июнда пайда болгон.

Ошол эле күнү фейк-колдонуучу тышкы сүрөтүнө УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин 3-июнда Баткенге учар алдындагы сүрөтүн жайгаштырган.

pasted image 0 6 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Ал фейк колдонуучунун 8 досу бар, анын ичинен жетөө – тажиктер.

pasted image 0 7 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

18-сентябрь күнү бул аккаунтка жерде канга боелуп жаткан аялдын видеосу жүктөлгөн. Колдонуучу аны Bayraktar учкучсуз учуучу аппаратынан жабыр тартты деп жазган.

pasted image 0 8 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Андан тышкары Мадумаровдун сөзү делинген текст кеңири таратылып жатканын көрүүгө болот. Анда дагы окту биринчи кыргыз тарап атып, бардыгына УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев күнөөлүү деп айтылат.

“Фейсбуктун” тажикстандык колдонуучулары жана телеграм-каналдары бул текстти активдүү таратууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун 2015-жылдан бери колдонуп келген чыныгы өздүк баракчасы төмөндө көрсөтүлгөн.

pasted image 0 9 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Анын 35 миң катталуучусу бар.

5. Текстти толугу менен көчүргөн тажиктер

Атышуунун биринчи күнү, 14-сентябрда Facebook та Алмаз Жакыпбеков деген колдонуучу пайда болду. Анын жазган жана бөлүшкөн маалыматтарынын бардыгы өлкө башчыны жана УКМК башчысын каралоого багытталган.

pasted image 0 10 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Жакыпбековдун публикациялары менен колдонуучулар активдүү бөлүшүп жатышат, кызыгы алардын бардыгы – тажик колдонуучулары.

Плагиат

Дагы бир өзгөчө көңүл чордонуна кое турчу факт: 17-сентябрда Кыргызстандын активисттери тажик элине видеокайрылуу жасашты.

pasted image 0 11 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт
pasted image 0 12 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Ал эми бүгүн “Tajikistan News” деген аталыштагы телеграм-каналда дал ошол кыргыз активисттеринин кайрылуусундагы текст Тажикстандын жараны Саидмукаррам Тутизоданын кыргыздарга кайрылуусунда окшош болуп жүктөлдү. Анда тажик телеграм колдонуучусу кыргыздардын текстиндеги “тажик” деген сөздү “кыргызга” , “Рахмонду” “Жапаровго” жана “зөөкүр президент” дегенди “кесилген-президент” деген сөздөргө алмаштырып гана койгон.     

pasted image 0 13 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Антиплагиат кызматы төмөндөгүнү көрсөттү:

pasted image 0 14 Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Эске салсак, буга чейин 24.kg сайтынын журналисттери – кыргыз телеграм-каналдарында жайгаштырылган кабарлар көчүрүп алынып, тажик каналдарына жүктөлүп жатканын жазышкан.

273349 w h500 1663427098 r Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Тажикстандын пабликтери маалыматты көчүрүп алып, “тажик тарап” деген сөздү “кыргыз тарап” дегенге алмаштырганы менен Баткендин Паскы-Арык айылы деген жерин өзгөртпөй калган же шашып жатып байкабай калышкан.

Натыйжада кыргыз тарап өзүнүн айылына кол салып, аткылаган сыяктуу логикага жатпаган кабарды жайгаштырып алышты.

273351 w h500 1663427130 r Тажик интернет колдонуучулары кыргызстандыктардын атынан фейк-аккаунттарды жүргүзүп жатканы тууралуу 5 факт

Корутунду:

Корутунду катары айтсак, тажик интернет колдонуучулары кыргыз ысымдарын колдонуу менен фейк-аккаунттарды жүргүзүүдө. Анда алар окшош текстти колдонуп, плагиат менен да алек болууда.

Алар аскердик конфликтти кыргыздар баштаганын жана тажик айылдарын кыргыз тарап үзгүлтүксүз аткылаганын айтып дезинформация таратуу менен президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди каралоо иштери менен алек болууда.

Бул аракеттер тажик режиминин артында турган алда-канча алдуураак тараптар аркылуу жасалып жатышы толук ыктымал.