Баткенге гуманитардык чогултуу үчүн 162 пункт ачылды

Кыргызстан боюнча Баткенге гуманитардык чогултуу үчүн 162 пункт ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой Ош облусунда — 44, Жалал-Абадда– 12, Нарында – 6, Ысык-Көлдө – 69, Таласта – 17, Чүйдө – 12, Ош шаарында -1, Бишкекте 1 пункт ачылган.

«Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Андан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гуманитардык жардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Тажикстандын баскынчылыгынын айынан Баткенде 136 миң 770 жаран үйүн таштап, коопсуз жайга эвакуация болууга аргасыз болду. Андан тышкары Ош облусунда Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Расмий маалыматтар боюнча куралдуу кагылыштын айынан каза болгондордун саны 37ге жетти. Ал эми жараат алгандар 129 кишини түзөт.

WhatsApp Image 2022 09 17 at 14.31.19 Баткенге гуманитардык чогултуу үчүн 162 пункт ачылды
WhatsApp Image 2022 09 17 at 14.40.18 Баткенге гуманитардык чогултуу үчүн 162 пункт ачылды