Тажик тараптан чек арадагы акыркы окуялардан 178 адам каза болду

Расмий Душанбеден алынган маалыматка караганда, чек арадагы акыркы окуялардан 178 адам каза болгон. Жалпысынан 300дон ашуун адам жаракат алган. Мындан тышкары, 53 брондолгон жана аскердик техника жок кылынган.

Эске салсак, акыркы расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан тараптан куралдуу кагылыштын айынан каза болгондордун саны 37ге жетти. Ал эми жараат алгандар 129 кишини түзөт.