“Өзүңөрдү кармагыла!”: Тургундарды унаасына чакырып жаткан жарандын видеосу тарады

Интернетте Баткендин чек арага чектеш айылдарынын биринде тургундарды эвакуациялап жаткан жарандын видеосу тарады.

Анда тургун өзүнүн унаасына бардык жаш балдар менен аялдарды чакырып жатканын көрсө болот.

Бүгүн, 16-сентябрда таңдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы чектеш аймактарды Тажикстандын чек арачылары аткылап жатат. Учурда Кыргызcтандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысв Саймумин Ятимов сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган.