Ак үйдүн алдында бир топ жарандар чогулуп, митингге чыгышты

Бишкектеги Ак үйдүн алдында бир топ жарандар чогулуп, митингге чыгышты. Алардын талабына ылайык, чек арадагы жаралган жагдайды чечүү үчүн өлкө бийлиги иш аракеттери кылуусу керек.

Алар чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Ьишкекке атйын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда.

Бүгүн, 16-сентябрда таңдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы чектеш аймактарды Тажикстандын чек арачылары аткылап жатат. Учурда Кыргызcтандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысв Саймумин Ятимов сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган.