Тажиктер жай тургундарга ок чыгарды

Тажик тарап эвакуацияланып жаткан жай тургундарга ок чыгарды. Бул тууралуу видеону күбөлөр Вulak.kg порталына жиберишти.

 Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) барууда. Саат 10:30га карата Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.

Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы тараптардын жолугушуусу үчүн ок атпоо келишими түзүлгөнүн, бирок тажик тарап аны аткарбай жатканын билдирген.