ИИМ: Ош шаарында баңгизаттарды сатуучу кармалды


Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 15-август күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармылыгынын кызматкерлерине Ош шаарынын аймагында «С» аттуу белгисиз атуул бангизаттарды сатуу,сактоо тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарындагы бир дүкөндөрүнүн жанынан 1988-ж.т. М.С. аттуу жаран кармалып, анын кийип турган спорттук шымынын чөнтөгүнөн кара түстөгү целлофан пакетке салынган оромдун ичинен таза салмагы 100 гр. афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) баңги каражаты табылып алынган.


Кармалган жактын дарегине кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүу учурунда анын сарайынан кара түстөгү целлофан пакетте оролгон таза салмагы 295 грамм жана коншу кампадан 200 гр. афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) баңгизаты табылып алынган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде алынган зат афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) баңги каражаты болуп, анын жалпы салмагы 586 гр 548 мл. граммды түзгөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган М.С. аттуу жаран Ош шаарынын ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

WhatsApp Image 2022 09 14 at 07.42.37 1 ИИМ: Ош шаарында баңгизаттарды сатуучу кармалды
WhatsApp Image 2022 09 14 at 07.42.37 2 ИИМ: Ош шаарында баңгизаттарды сатуучу кармалды
WhatsApp Image 2022 09 14 at 07.42.37 ИИМ: Ош шаарында баңгизаттарды сатуучу кармалды