Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы кырдаалга байланыштуу ЖККУ миссиясын жиберет

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюму Арменияга өз миссиясын жөнөтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Миссияны жөнөтүү чечими кечээ, 13-сентябрда ЖККУ президенттеринин кезексиз сессиясында макулдашылган. Аны уюмдун башкы катчысы Стасислав Зась жетектеп барат. Ошондой эле миссиянын курамында ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров жана уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү болот.

Алар эки өлкөнүн чек арасындагы абалга баам салып, мамлекет башчыларына баяндама даярдайт.

Эскерте кетсек, 13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында кайра курал колдонуу менен чыр чыккан. Бул куралдуу кагылыштын башталышына эки тарап бири-бирин айыптоодо.

Учурда ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.