“Токтотпойсуңарбы ушундай жаман практикаңарды”: Депутат министрликтин ишине нааразы

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Каржы министрлигинин ишин сынга алды.

Жыйында депутат Улукбек Ормонов Өзгөн — Өзгөрүш жолунун курулушу качан бүткөрүлөрүнө кызыкты.

“Көчмө жыйындар боюнча ырааттуу жооптордун жоктугу өкүндүрөт. Транспорт министрлиги көчмө жыйында каралган маселелердин канчасы чечилери боюнча так жооп берсе бизге жакшы болмок. Буга чейин биз макулдашкан пунктар жок экен. Өзгөн — Өзгөрүш жолунун 1 чакырымы жасалбай жатат. Ал былтыркы жылдын планына киргизилген. Бирок, азыркыга чейин бүтө элек”, — деди Ормонов.

Өз кезегинде транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Өсөев бул маселени тактап туруп, жооп берерин билдирди.

Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков каржы министрлигинин өкүлүнө кайрылып, каражатты бөлүштүрүү укугун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү керектигин айтты.

“Мектептин же жолдун абалын силер билесиңерби? Коррупциялык схемалардын бары каржы министрлигинде. Ушул боюнча башкармалыктын канча башчысы отурду.

Токтотпойсуңарбы ушундай жаман практикаңарды. Укукукту өздөрүнө бербейсиңерби, каражатты өздөрү бөлүштүрүшү керек. Силер каржы булактарын издегиле. Бир жылдан бери айтып келе жатабыз. Көчмө жыйынга барып келели деп чакырсак, каадаланасыңар. Тойдум силердин убадаңарга. Эл бизден сурап жатат, силерден сураган жок. Биз жаман атты көрүнүп жатабыз. Ким жакшы, өкмөт жакшы”, — деди депутат.