Доскул Бекмурзаев ооруканада дарыланууда

Кыргыз энергетика министри Доскул Бекмурзаев микроинсульт алып, ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин маалымат кызматынан тастыкташты.


Маалыматка ылайык министр Доскул Бекмурзаев өткөн жумадан бери эле ооруканада экенин айтканы менен так маалымат айткан жок. Анткени министрлик маалымат бербейт экен.

Кошумчалай кетсек, Бекмурзаевге Башкы прокуратура тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча эки кылмыш иши козголгон.