Бишкек — Дели — Бишкек каттамы боюнча үзгүлтүсүз аба каттамы ачылды

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдирди.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Делиге каттамдар биринчи жолу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Аба каттамын «Аэро Номад Эйрлайнс» ата мекендик компаниясы аткарат.

Каттамдар жумасына 2 жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.