Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, беттеш башталары менен Жоламан атаандашынын далысын басып, таза жеңишти камсыздады.

Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык Айдос Султангали менен күрөшүп, 7:0 эсебинде финалга татыктуу өттү.