Адилет Балтабайдын соту жылдырылды

Бүгүн, 13-сентябрда Биринчи май райондук сотунда камактагы активист Адилет Али Мыктыбектин (Адилет Балтабай) иши боюнча отурум болгон жок.

Бул тууралуу  жактоочу Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, сотко күбөлөр менен эксперттер келбегендиктен жыйын 22-сентябрга жылдырылган.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.