Сексисттердин күчү аялдар менен балдарга эле жетет, – Нурбек Моңолов

Кадамжай районундагы киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү бул чоң трагедия. Мындай пикирин медицина илимдеринин кандидаты, сексолог Нурбек Моңолов билдирди.

Анын пикиринде, мындай трагедияга сексизм себеп болгон.

“Сексизм — бул эркектер аялдардан кыйын деген ой жүгүртүү. Бул ойду коом өзү жаратат. Сексисттер бул алсыз адамдар деп эсептесек болот. Алардын күчү аялдар менен балдарга эле жетет.

Менимче курман болгон Айдай үч кылмышкердин тийишкенине баш ийбей, аларга каршылык көрсөткөн. 14 жаштагы кичинекей кыздын колун эмне үчүн чоң эле адамдар байлап салышкан? Анткени Айдай аларды ордуна коюп, каршылык көрсөтүп, өзүнүн эрки үчүн күрөшкөн. Бирок, мындай көрүнүш үчөөнө жаккан эмес.

Ошон үчүн алар өздөрүнүн күчтүүлүгүн далилдеш үчүн ушундай мыкаачылык кадамга барышты. Менин пикиримде өспүрүм кыз үч кылмышкер менен эле эмес, сексизм менен, коомдун ириңдеп жаткан көйгөйлөрү менен күрөшүп, курман болду”, — дейт Нурбек Моңолов.