Атабек Азисбеков дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады. 

Турнир бүгүн, 10-сентябрда Белградда башталды.

Атабеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 87 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, атаандашы — бразилиялык Рониссон Брандао Сантьяго менен күрөштү.

Аны кыргызстандык балбан 10:0 эсебинде жеңип алып, 1/8 финалга өттү.