Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда

Бишкекте “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жолдорду оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүнүн Фатьяновдон Каракуль көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жумуш кызуу жүрүп жатат. Люктарды тууралоо процессинде асфальт-бетон төшөлмөнүн экинчи катмарын төшөө, жол белгилерин орнотуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Бул көчөнү реконструкциялоо 2 этапка бөлүнгөн. Жолдун пайдубалын, сугат түтүктөрүн, жол жана тротуарлардын бордюрларын, тротуардын асфальт-бетон төшөлүшүн, тротуардын төмөнкү катмарын төшөө иштери аяктады.

Жайыл Баатыр көчөсүнүн Чортековдон Б.Алыкуловго чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери 80%га бүттү. Чыгыш-батыш багытындагы жол,  келечекте Орок айыл өкмөтүн Бишкек шаары менен байланыштырат. Ал алты тилкелүү болот. Негизги жолдун боюнда жашаган жарандардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган. Ошондой эле эки тарабында тротуарлар жана сугат лотоктору бар. Жол тегерек болуп, Муромск, Б.Алыкулова, проезд ТЭЦ-2 көчөлөрүн бириктирип турат.

Учурда Биринчи Май РИИБдин боюндагы Панфилов көчөсүн бойлой жолго жана тротуарга бордюрларды орнотуу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле асфальт-бетон төшөлмөнүн астына эки кабаттуу негиз салууга даярдык иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланып, 5 көпүрөнүн курулушу да пландалууда.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен China Road and Bridge Corporation ишине подряддык уюм жүргүзүүдө.