«Азия MIX′тин» мүчөсү Марат Жуманалиев СИЗОдон бошотулду

«Азия MIX» КВН командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда билдирди.

«Чоң түшүнбөстүк болду, мен бир билдирүүдө бир ката кетирдим, бирок бул мага ошол жерде болууга укук бербейт. Аны түшүндүк, бири-бирибизден, кызматкерлерден кечирим сурадык.

Аларды жамандап кереги жок. Мен бул кырдаалда өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм», — деди Марат Жуманалиев.