Баткенде милиция кызматкерлери жаштарга диний экстремизм менен терроризмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында билим алышкан студенттер менен жолугушту. Анда экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, улуттар аралык достукту чыңдоо боюнча маалыматтарды беришти.


Баткен ОИИБдин ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлеринин демилгеси менен жогорку окуу жайларынын студенттерине, терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алууда жана улут аралык достукту чыңдоодо жергиликтүү бийлик органдары менен бир нече жолу алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүп келүүдө. Иш-чаранын негизги максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо. Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткирүү максатында калк менен жолугушууларды уюштурушууда.

WhatsApp Image 2022 09 09 at 13.14.26 Баткенде милиция кызматкерлери жаштарга диний экстремизм менен терроризмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө


Интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырган үгүт-чакырыктар көп кездешип жатат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлеи жаштарды туура жолго үндөп, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишүүдө.


Эгерде, кимдир-бирөөлөр экстремисттик жана террористтик багытка чакырык жасаган учурда жакынкы милиция бөлүмдөрүнө же 102 телефону аркылуу кабар берүүнү айтышты. Мындай жыйындар Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларындагы ар бир жогорку окуу жайларда жана мектептерде өтүп, эми Баткен облусунун башка аймактарында да улантылат. Жыйындын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолорун беришип, жоопторун алышты.

WhatsApp Image 2022 09 09 at 13.14.24 Баткенде милиция кызматкерлери жаштарга диний экстремизм менен терроризмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы